Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Алдыңкы тажрыйба борборунун тарых окутуучуларынын демилгеси менен, колледжде 2024-жылдын 6-ноябрында “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы жана 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” аталышындагы иш чара өткөрүлдү.
Иш чаранын негизги максаты болуп, байыртадан кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап жана коргоп келген улуу ата-бабаларыбызды эскерүү жана даңктоо аныкталды.
Иш чара өзүнө тематикалык докладды (директордун окуу иштери боюнча орун басары Ж.Б. Бектурсунов), студенттер арасындагы “Биз тарыхты даңктайбыз” аталышындагы кароо сынакты, жана “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тарыхы” аталышындагы көргөзмөнү камтыды.
Кароо сынакта студенттердин өздүк ырлары жана сүрөттөрү көрсөтүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Ыр боюнча ПОВТАСк-7-23 тайпасынын студенти Толгонай Аптыкарова, ал эми сүрөт боюнча БАСк-5-24 тайпасынын студенти Осмонов Данияр биринчиликти ээлешти.
Көргөзмөдө кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын жана кыргыздардын тарых таржымалын чагылдырган жасалгалар коюлуп, алардын ичинен көрүүчүлөрдүн көнүлүнө КМТШИк-2-23 тайпасынын авторлугундагы “Санжыра дарагы” өзгөчө белгиленди.
Ошондой эле, иш чара викториналык оюндарды өткөрүү жана жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектерди берүү менен коштолду.