“Инклюзивдик билим берүү” боюнча семинар-треннгден өтүшүүдө
Жалал-Абад колледжинин Алдыңкы тажрыйба борбору кезектеги окуу курсун областагы Аксы, Кара Көл, Кочкор Ата, Майлуу Суу жана Жалал-Абад шаарындагы орто кесиптик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнө инклюзивдик билим берүү боюнча окутуу семинарын уюштуруп аны өткөрүүдө. Мамлекетибиздин билим берүү системасы атайын билим алуу муктаждыктары бар адамдарды билим берүү процессине тартуу, аларды четте калтырбоо боюнча алгылыктуу аракеттерди жүргүзүүдө. Жалал-Абад колледжинин Алдыңкы тажрыйба борбору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен орто кесиптик билим берүү системасынын педагогикалык жана башкаруу кадрларынын дараметин жогорулатуу аркалуу билим берүү уюмдарында билим алуусун уюштуруу, билим берүүнүн жеке-багыт берүүчү ыкмаларын пайдалануу жана окуу-таануу ишинин жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алардын сапаттуу билим алуусуна үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун жолдору, усулдары, механизмдери менен таанышууну жана практикада колдонуу боюнча көндүмдөр менен ыкмаларга ээ болушууда. Окутуунун катышуучулары инклюзивдик билим берүүнүн оптималдуу жолдорун жана өнүктүрүү каражаттарын аныктоо, тиешелүү ченемдик-укуктук, окутуу-методикалык, уюштуруучулук, кадрдык, материалдык-техникалык жана маалыматтык камсыз кылуу боюнча маалыматтар менен алмашышты.
Ормогоева Айнура, медициналык колледждин окутуучусу: “... тилекке каршы коомубуздун атайын билим алуу муктаждыктары бар инсандарга көңүл буруусу жетишээрлик деңгээлде эмес, негизинен ден соолук фактору дароо эле көзгө көрүнөт, ошентсе да алардын билим алууга жана сапаттуу билим берүү натыйжаларына жетүүгө толук катышуусу үчүн жеке колдоо талап кылынарын билим берүү системасы менен анда эмгектенген окутуучулар жамааты, ата-энелер коомчулугу, башкаруу системасы аңдап билбей жаткандай. Бүгүнкү окуулар абдан маанилүү жана өз учуруда деп эсептеймин. Учурдан пайдаланып бизди окутуп жаткан тренерлерге, шарт түзүп берген Жалал-Абад колледжинин Алдыңкы тажрыйба борбору менен долбоорго ыраазычылыкты айткыбыз келет. Буйурса, октуу программаларын, көмөктөшүүчү ресурстарды, баалоо каражаттарын жана методдорун иштеп чыгууга өз салымыбызды кошобуз деген үмүттөмүн”.
Карбекова Азиза, Жалал-Абад экономикалык-юридикалык колледжинин директору, экономика илимдеринин доктору “... бул күндөрү биз атайын билим алуу мүмкүнчүлүктөрү бар, майыптуулугу бар окуучуларды аныктоо, аларды билим алуу системасына интеграциялоо жана ийгиликтүү окутууну уюштуруу менен ар тараптуу социалдык коргоону камсыз кылуу үчүн аракеттерди көрүүнүн жолдору, механизмдери менен таанышуудабыз. Окуу мекемелерибизде инклюзивдик маданиятты жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү менен окутуунун сапатына такай мониторинг жүргүзүүнүн жолдору да туралуу маалыматты пикирлештер менен алмаштык, педагогикалык билимдерди, көндүмдөрдү жана технологияларды киргизүүнүн зарылдыгына токтолдук. Окутууну өткөрүп жаткан тренерлерге ыраазычылыгымды билдиргим келет алар бул багытта жетиштүү компетенцияларга ээ экендигин көрсөтүү менен жеткиликтүү деңгээлде окуу материалдарын беришүүдө. Маселе окутуу процессинде колдонуу калгандай аны, буйурса, окутууда жана кесиптик даярдоодо тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү, анын шарттарына адаптациялоо процессин жеңилдетүү, окуу процессинин техникалык жабдылышы жана педагогдор менен билим берүү процессинин башка катышуучулары үчүн өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган окуу курстарын иштеп чыгуу жана киргизүү менен алектенебиз деген милдетти аткарууга багыт алабыз”.
Белгилей кетсек, окуу курсу Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.