Алдыңкы тажрыйба борбору илим жолунда
Алдыңкы тажрыйба борборунда “Илимий макала кантип жазылат” жана “Өндүрүштүк практика учурунда окуу-илимий изилдөө ишин жүргүзүү” деген темада семинар болду. Семинарга илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к.,доцент Д.Чокоева жана ф.и.к.,доцент Г.Токтогулова жана өндүрүштүк иштерди уюштуру жана практика бөлүмүнүн адиси Н.Жолдошалиева катышышты. Иш-чараны ЖАКтын илимий иштери боюнча жооптуу Ч.Канкулова уюштурду. Анын билдирүүсү боюнча семинарды уюштуруунун максаты: Окутуучуларды илим чөйрөсүнө тартуу, илимий макала жазуунун структурасы менен тааныштыруу жана өндүрүштүк практика учурунда окуу илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнүн жолдорун үйрөтүү.
Семинарда ф.и.к.,доцент Д.Чокоева жана ф.и.к.,доцент Г.Токтогулова илимий макаланын түрлөрү,структурасы,аталышты түзүүдөгү каталар менен ал эми практика бөлүмүнүн адиси Н.Жолдошалиева практика учурунда окуу илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнүн жолдору жана этаптары менен тааныштырды.
Иш-чара аспиранттар,изилдөөчүлөрдү,практика жетекчилерин кызыктырган суроолор менен коштолуп, талкуу продуктивдүү болду.