1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 год назад

298

1

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнин Жалал-Абад колледжинде облустун баштапкы кесиптик билим берүү тармагынын өкүлдөрү үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу өтүүдө

Жалал-Абад колледжинин Алдыңкы тажрыйба борбору тарабынан Жалал-Абад областындагы 8 кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча квалификациясын жогорулатуу курсун уюштуруп өткөрүүдө. Квалификацияны жогорулатуу курсунун угуучулары заманбап колдонмо программаларды колдонууну, перифериялык түзүлүштөрдү, локалдык тармактарды орнотууну, анын конфигурацияларына өзгөртүү киргизүүнү жана билим берүү ишмердигинде санариптик технологияларды колдонууну үйрөнүшөт. Сабактар Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин заманбап жабдылган компьютердик жана лабораториялык кааналарында өтүүдө. Курстун лекторлору катары окуу жайдын алдыңкы, тажрыйбалуу окутуучу-тренерлери Асилбек уулу Курсантбек жана Аскаров Жолон тартылган.

Төрөбеков Болотбай, №53 КЛ (кесиптик лицейинин) өндүрүштүк окутуунун устаты: «...Окутуудагы прогрессивдүү технологияларды өздөштүрүү учурдун талабы! Квалификацияны жогорулатуу курсу абдан кызыктуу жана жеңил өтүүдө, эң негизгиси абдан пайдалуулугу. Окуу курсунун программасы биздин муктаждыктарыбыздын негизинде түзүлгөндүктөн окутулуп жаткан программаны толук өздөштүрүү менен окуу жайыбыздын окуу-өндүрүш процессин жакшыртат деген ишеничтемин”.

Умарова Назигүл, №21 КЛдин директорунун окуу жана өндүрүштүк окуу боюнча орун басары: «...Квалификацияны жогорулатуу курстары билим берүү мекемесинин ишмердигинде маанилүү компонент болуп саналат. Биздин окуу жайдан окуп кесипке ээ болгон адистер заманбап санариптик технологияларды өздөштүрүүсү маанилүү, анткени учурда эмгек рыногунун талабы ошондой. Жүрүп жаткан квалификациясын жогорулатуу курсу ар бир кесиптик билим берүүдө иштеп жаткан адистер үчүн керек жана зарыл. Колледждин жетишкендиктерине, алардын жетекчилигине жана мугалимдерине чоң суктанганымды билдиргим келет».

Ажыканов Тунгатар, №46 КЛ өндүрүштүк окутуунун устаты: «...Райондун облустун борборунан алыстыгы жаш кадрларды тартууга мүмкүндүк бербейт, ошондуктан биз тынымсыз окуп турууга тийишпиз. Бүгүнкү квалификацияны жогорулатуу курсу бизге санарип технологияларды өздөштүрүүнү жана аны аралыктан окутууну жүргүзүүдө колдонууну, айрым мамлекеттик жана мунуципиалдык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Өз окуу жайымда окуучулардын билимин баалоодо жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп алдым, аны колдоном жана кесиптештерим менен бөлүшүүгө даярмын».

«Жалал-Абад колледжи» АТБ облустун башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн квалификациясын жана компетенттүүлүгүн жогорулатууга болгон муктаждыктарды колдоого дайым даяр.

Белгилей кетсек, окуу курсу Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.