- Факультеттер
- Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультети
- Электроэнергетика жана техника кафедрасы
- Жаңылыктар
Практиканын базасындагы иш-чара

Практиканын базасында өткөрүлүүчү иш-чаралардын планына ылайык практиканын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын 220/110/10 кВ чыңалуудагы Торобаев көмөк чордонундагы иш-чара болуп өттү. Иш-чараны баштаар алдында көмөк чордондун диспетчери студенттерге көмөк чордондун ичинде жүрүү боюнча техникалык коопсуздук эрежелеринен инструкциядан өткөрдү. Көмөк чордон башчысы Ажыматов Замир ал жердеги кубаттуу автотрансформатор, жогорку чыңалуудагы коммутациялык аппараттар, бөлүштүрүүчү түзүмдөрдүн жайгашуусун, түзүлүшүн, иштөө принциптери боюнча кеңири түшүнүк берип өттү. Өз кезегинде студенттер ар кандай электрдик жабдыктардын түрлөрүн, аткарган кызматын, жайгашууларын өз көздөрү менен көрүшүп, суроо жооптордон улам бир топ тажрыйбага ээ боло алышты.
Иш-чарага карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова өзү катышып күбө болду. Өндүрүштөн практика жетекчиси Ажыматов Замир, студенттердин практикасын ар тараптан кызыктуу жана пайдалуу өтүшүнө көмөктөшкөндүгү үчүн кафедранын атынан ыраазылычылык билдиребиз!
Жыйынтыктоо: Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын 220/110/10 кВ чыңалуудагы Торобаев көмөк чордонунда болуп өткөн окуу студенттердин, көмөк чордондордун электрдик бөлүгү окутуму боюнча өтүлүүчү темаларын айкалыштырууда жана бекемдөөдө түздөн-түз салымын кошо алат.