1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Таш-Көмүр институту
  4. Электроэнергетика жана техника кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

229

Окуу-таанышуу практикасын  жыйынтыктоо

Электроэнергетика жана электротехника багытынын      ЭС-1-23  тайпасынын  студенттери үчүн пландаштырылган  үч  жумалык окуу- таанышуу  практикасын жыйыныктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга   кафедранын башчысы, практиканын жетекчилери жана студенттер катышты. Конференциянын жүрүшүндө ар бир практикант практика учурунда окуп, үйрөнүп  тажрыйба алып  ишкананын коллективи менен болгон мамилелери боюнча кыскача презентация аркылуу отчетторун тапшырышты. Практиканттардын отчеттору  конференцияда каралып    өндүрүштөн жетекчилери берген мүнөздөмө,  сунуш,  ой- пикирлери эске алынып бааланды.

Практиканттар окуу-таанышуу  практикасын Жалал-Абад  электр тармактары ишканасынын бир нече бөлүмдөрүндө жана райондук жана шаардык электр тармактарында  өтөп келишти.