Энергетиктерди өндүрүшүк практикага (жөнөтүү конференциясы) багыттоо
Электроэнергетика жана электротехника багытынын ЭС-1-21 тайпасынын студенттери үчүн пландаштырылган өндүрүштүк практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү. Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Нурия Султановна, кафедранын башчысы, практиканын жетекчилери жана студенттер катышты. Конференциянын жүрүшүндө практика жетекчилери тарабынан практиканын тапшырмалары, максаты, милдеттери, жол карта жана аягында практиканын отчетторун баалоо критерийлерин айрым өзгөрүүлөрү боюнча маалыматтар айтылды.
Ошол эле кезекте практика өтөөчү ишканалардагы ички тартип жана техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштырылып, техникалык коопсуздук журналына катталышты.
Практиканттар өндүрүштүк базада 18-марттан 17-апрельге чейинки убакытта Жалал-Абад областык электр тармактары ишканасынын райондук жана шаардык электр тармактарында жана Токтогул ГЭСтер каскадында өтөшөт