1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

158

Энергетиктерди (ОРМ) өндүрүштүк базада иш ордунда окутуу

Электроэнергетика жана электротехника багытынын электр менен камсыздоо, электроэнергетикалык системалар жана түйүндөрү профилдери боюнча 4-курстун студенттери квалификациялык иш алдындагы практикасын өтөшүүдө.  Өндүрүштүк практика базаларында өткөрүлүүчү иш чаралардын графигине ылайык  2024-жылдын 29-мартында  Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын окуу борборунда  Жалал-Абад электр тармактары ишканансынын  жалпы энерготутумунун түзүлүшү, иштөө режимдери жана аларды ыкчам тескөө иштери боюнча окуу уюштурулду. Ишкананын ыкчам тескөө кызматынын башчысы Ташиев Гүлжигит Авасбекович практиканттарга ишкананын тейлөө карамагындагы энерготутумдун түзүлүшү аны тейлөө иш аракеттери   боюнча кеңири түшүнүктөр берилди.

Суденттер уюштурулган иш чарадан өздөрүнүн квалификациялык иштерине тиешелүү болгон материалдарды угуу  менен бир топ суроолорго жооп ала  алышты.  Жыйынтыгында студенттер бир топ методикалык тажрыйбага ээ болуу менен ишкананын жетекчилигине жана Ташиев Гүлжигит Авасбековичке ыраазычылыктарын билдиришти.