1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

20

Окуу таанышуу практикасын уюштуруу жана кесипке багыттоо

2025-жылдын 26-сентябрында Агрардык техникалык институттун «Электроэнергетика жана механика» кафедрасы ЭЭСС-1-24 тайпасынын студенттери үчүн окуу таанышуу практикасына багыттоо боюнча конференция уюштурду. Иш-чарага кафедранын башчысы Кокумбаева К.А., практика жетекчилери, ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Жолдошалиева Нурия Султановна жана студенттер катышты.

Конференцияда студенттерге өндүрүштүк практика тууралуу толук маалымат берилди. Алар ишкананын түзүмү, бөлүмдөрү, ички тартип жана техникалык коопсуздук эрежелери менен таанышышты. Ошондой эле практиканын багытталуусу, баалоо критерийлери, күндөлүк жана отчет жазуу эрежелери кеңири талкууланды.

Практиканын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр белгиленди:

-студенттердин адистик боюнча практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу;

-иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү;

-энергетика тармагындагы жаңы технологиялар жана инновациялар менен таанышуу.

Практика Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын өндүрүштүк структуралык базасында өткөрүлөт. Бул  иш чара студенттерге теориялык билимдерин практикалык көндүмдөргө айландырууга жана өндүрүштүк чөйрө менен түздөн-түз таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, практиканын мазмунун толук түшүнүштү. Иш-чара студенттердин кесиптик даярдыгын күчөтүп, келечектеги ийгиликтүү адис катары калыптануусуна өбөлгө түздү.