Бүтүрүүчү- Энергетика тармагындагы жаңы технологиялар жана карьера мүмкүнчүлүктөрү

2025-жылдын 8-апрель күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый техникалык факультетинин Электроэнергетика жана механика кафедрасында “Бүтүрүүчү- Энергетика тармагындагы жаңы технологиялар жана карьера мүмкүнчүлүктөрү” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга ЖАМУнун өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана карьераны өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси, ф.и.к., доцент Калыбекова З.С, факультеттин деканы Ж.Б.Шамиев, өндүрүштөн коноктор, кафедранын профессордук окутуучулук курамы жана жалпы студенттер катышты.
Конференцияны Электроэнергетика жана механика кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент К.А.Кокумбаева ачып алгачкы сөздү факультеттин деканы, т.и.к., доцент Ж.Б Шамиевге жана ЖАМУ нун өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана карьераны өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси, ф.и.к., доцент З.С. Калыбековага берилип, куттуктоолор айтылып, сөздөр айтылып конференцияга ийгиликтерди каалашты.
Конференцияга чакырылган коноктор Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын өндүрүштүк техникалык бөлүмдүн жетекчиси Матураимов Чолпонкул “Энергетика тармагындагы жаңы тенденциялар жана мүмкүнчүлүктөр” , Жалал-Абад райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Турсунбаев Бакыт “Өндүрүштүк практикаларды өткөрүүдө ишканадагы шарттар жана мүмкүнчүлүктөр”, АрхСтрой Мир ЖЧКнын адиси Джумабаев Нуртилек Акылбекович “Энергетика, курулуш жана жылуулоо системасында энергоэффективдүүлүк”, Трио-сфера ЖЧК нын адиси Кудусов Баяман “Турмуш тиричилик жана комерциялык багыттагы обьектилерди электр менен камсыздоосун долбоорлоо”, ЭК-1-23 тайпасынын студенти Торомаматов Оомат “Энергетиканы санариптештирүү жана жасалма интеллектин энергетика тармагындагы ролу” аталыштарында өздөрүнүн жаатындагы иштер боюнча баяндамаларын жасашты.
Өз кезегинде ар бир жасалган баяндамалар бүтүрүүчү жана окуп жаткан башка курстун суденттерине өз кесибин сүйүүгө, ишке жайгашуу жана өндүрүштө карьера жасоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңир маалымат алышы.
Белгилей кетсек Жалал-Абад электр тармактары ишканасында 11 өндүрүштүк кызмат, 20 бөлүм, 12 райондук электр тармактары жана 2 электр чордондордон турат.
Кафедра башчысы, т.и.к., доцент К.А.Кокумбаева негизги иш берүүчү Жалал-Абад электр тармактары ишканасында бүтүрүүчүлөрдүн ишке жайгашуусу боюнча баяндама жасап өттү, жалпылап айтканда ишкана боюнча биздин бүтүрүүчүлөрдүн ишке жайгашуусу 55 % дан жогорку көрсөткүчкө ээ.
Бүтүрүүчүлөрдү ЖАМУнун бүтүрүүчүлөүнүн ассоцасиясына мүчөлүккө кабыл алып жана мындан ары ЖАМУ менен тыгыз байланышта иштөөгө чакырылды.