Жалал-Абад РЭТнин жалпы диспетчердик башкаруу иштерин жүргүзүүнү үйрөнүү

Квалификациялык иш алдындагы практика боюнча практиканын базасында өтүлүүчү графике ылайык ЭС-1-21 тайпасына 19.03.2025 күнү Жалал-Абад РЭТнин жалпы диспетчердик башкаруу иштерин жүргүзүүнү үйрөнүү деген темада иш чара өткөрүлдү. Иш чарада практика жетекчиси, улуу окутуучу Султаналиева Кумушай Кудайбердиевна, ишкананын жетекчиси ЖАРЭС Турсунбаев Бактыбек Калмурзаевич, диспетчерлер Султанов Набижан, Кочкорбай уулу Самат менен чогуу студенттерге Жалал-Абад РЭТнын жалпы диспетчердик башкаруу иштерине тиешелүү теоретикалык жана практикалык билимин тереңдетүү жана бышыктоо боюнча маалымат беришти.
ЖАРЭС жетекчиси Турсунбаев Бактыбек Калмурзаевич- Жалал-Абад РЭТнин жалпы диспетчердик башкаруу иштерин жүргүзүүнү үйрөнүүнүн негизги милдеттери боюнча , Жалал-Абад РЭТ— энергияны башкаруу жана тейлөө боюнча маанилүү кызмат көрсөтүүчү бөлүм экендигин айтып өттү. Жалпы диспечердик борбордун негизги милдети – электр энергиясынын бөлүштүрүлүшүн жана пайдаланылышын көзөмөлдөө, авариялык кырдаалдарга тез арада жооп берүү, ошондой эле электр тармактарындагы мүмкүн болгон көйгөйлөрдү алдын алуу болуп саналат Бул жумуштарды аткаруу үчүн, диспетчерлер жогорку деңгээлдеги квалификацияга ээ болуусу зарыл. Жалал-Абад РЭТнин диспетчердик башкаруу системасы электр энергиясынын үзгүлтүксүз жана туруктуу жеткирүүсүн камсыз кылуу үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Диспетчер Султанов Набижан диспетчердик башкаруунун негизги функциялары боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
1)Энергиянын бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөө: Ар бир абонентке жеткирилген электр энергиясынын өлчөмү жана сапаты текшерилет.Системадагы жүктөрдү туура бөлүштүрүү үчүн анализдер жүргүзүлөт.
2)Авариялык кырдаалдарга чара көрүү: Электр энергиясынын үзгүлтүксүздүгүн сактоо максатында авария болгон учурда тез арада чара көрүлөт.Кырсыктарды алдын алуу үчүн тармактардын абалы үзгүлтүксүз мониторинг делет.
3)Энергияны үнөмдөө: Кырсыктарды болтурбоо жана энергияны үнөмдөө үчүн ар кандай чечимдерди иштеп чыгуу.Жогорку керектөөчүнү жана системалык жүктөрдү башкаруу.
4)Маалыматтардын ишке ашырылышын камсыздоо: Ар кандай маалыматтарды чогултуу, анализдөө жана отчеттоо.Чогултулган маалыматтардын негизинде диспетчердик башкарууну жакшыртуу.
Жыйнтыгында Кумушай Кудайбердиевна квалификациялык практика ичинде өткөрүлгөн иш чара энергетика адистиги боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн абдан маанилүү жана Жалал-Абад РЭТнын жалпы диспетчердик башкаруу борборундагы практика студенттерге электр тармагынын башкаруусун, коопсуздугун, туруктуулугун камсыз кылууну үйрөнүүгө, теориялык билимдерин практикада иш жүзүндө колдонууга мүмкүндүк берээрин баса белгиледи. Бул процесс студенттерге адистик боюнча терең тажрыйба алууга жана бул тармакта өз ишин жакшы аткаруучу адис болуп калыптанышына чоң жардам берет.