1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

44

Энергетиктерди квалификациялык иш алдындагы практикага (жөнөтүү конференциясы) багыттоо

Электроэнергетика жана электротехника багытынын     ЭС-1-21  тайпасынын  студенттери үчүн пландаштырылган беш жумалык квалификациялык иш алдындагы практикасын уюштуруу конференциясы болуп өттү. Конференцияга кафедранын башчысы, практиканын жетекчилери жана студенттер катышты. Конференциянын жүрүшүндө практика жетекчилери тарабынан практиканын  тапшырмалары, максаты, милдеттери  боюнча  маалыматтар айтылды.

Квалификациялык иштеринин темаларына жараша Жалал-Абад электр тармактары  ишканасынын  жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары, Сузак, Жалал-Абад райондук электр тармактарына жана Реновант, Архстрой ЖЧКларына бөлүнүштү. Ишканалардын иш багыты боюнча  ар бир практикант үчүн жол карталар түзүлдү.

Белгилей кетсек Архстрой ЖЧКсы студенттин практикасын аяктоо менен жумушка алуусуна кепилдигин билдирген.