1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Ветеринардык медицина кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

53

Эл аралык карыялар күнүнө арналган кайрымдуулук иш-чара 

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасы 1-октябрь – Эл аралык карыялар күнүнө карата студенттер менен биргеликте Октябрь айылындагы карыялар үйүнө барып, кубаныч тартуулашты.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү. Мындай саамалыкты студенттер да колго алып, улгайган инсандарга концерттик программа уюштуруп,  түрдүү чыгармаларды аткарып, чакан белектерин тапшырды.

Жаш муундардын улгайгандардан кабар алуусу жүрөгүндө мээрим жана ыймандуулук сезимдерди ойготот. Аталган окуу жай бул иш-чараны бир күн менен гана токтотпостон, мындан ары да студенттер менен биргеликте улантууну пландоодо.