- Институттар
- Экономикалык жана укук институт
- Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
- Жаңылыктар
"Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы" аттуу кайрымдуулук акциясы

1-Октябрь – Эл аралык Карылар күнүнө карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун "Социалдык иш" адистигинин студенттери жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу кайрымдуулук иш-чарасын жогорку деңгээлде уюштурушту. Акция быйыл "Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы" деген мазмундуу аталышта өттү.
Кайрымдуулук иш-чарасы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Карылар үйүндө болуп өттү. Бул маанилүү сапарга Социалдык иш багытынын бардык курстарынын студенттери катышты. Иш-чарага Экономика жана укук институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Аскарова Айнура Каныбековна, профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Шамшиев Расул Кеңешович баштаган жетекчилик курам жана кураторлор улук окутуучу Кожоназарова Ырыскүл Мырзалиевна, окутуучу Алдозова Нуркан Сабырбековна жетекчилик кылышты. Жетекчилер улуу муундагы өкүлдөрдүн ал-акыбалын сурап, алардын эмгегине жана акыл-насаатына терең ыраазычылык билдиришти.
Карылар үйүнүн жетекчиси Майрам Узакбаеванын билдирүүсү боюнча, учурда бул жайда жалпысынан 96 адам жашайт, алардын 30дан ашыгы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болуп саналат деп билдирди.
Жаштар улуу муун өкүлдөрүнө арнап, акциянын аталышына ылайык, "Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы" аттуу өзгөчө концерттик программасын тартуулашты. Сахнада мекенди, ата-энени жана улууларды даңктаган ырлар ырдалып, шаңдуу бийлер аткарылды. Бул чыгармачылык белек Карылар үйүнүн жашоочуларына майрамдык маанай тартуулап, көңүлдөрүн көтөрдү.
Мындан сырткары, студенттер өз колдору менен даярдаган чакан белектерин тапшырышып, аларга жылуу сөздөрүн айтып, камкордук көрсөтүштү.
Бул кайрымдуулук акциясы студенттердин гумандуулук, кайрымдуулук жана социалдык жоопкерчилик сезимдерин өрчүтүүгө өбөлгө түзүп, Социалдык иш адистигинин кесиптик даярдыгынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жаштардын жүрөгүндө уялаган бул камкордук жана улууларга болгон урмат-сый — келечектүү коомдун жаркын белгиси. Экономика жана укук институтунун "Социалдык иш" адистигинин студенттери бул асыл салтты эч качан калтырбай, мындан ары да үзгүлтүксүз уюштуруп, улуу муунга жылуулук тартуулоону өздөрүнүн ыйык милдети деп эсептешет.