- Институттар
- Экономикалык жана укук институт
- Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
- Жаңылыктар
Мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунда өзгөчө белгиленди. Социалдык иш адистигинин 1-курсунун студенттери үчүн улук окутуучу Ы.М. Кожоназарова куратордук саат өткөрдү.
Куратордук сааттын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү Мыйзамынын кабыл алынган күнүнүн мааниси кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле, кыргыз элинин байыркы тарыхына жана тилинин өзгөчөлүктөрүнө басым жасалды. Байыркы кыргыздардын көөнөргүс мурасы катары тилибиздин улуттун калыптанышындагы жана сакталып калышындагы ролу тууралуу кызыктуу фактылар айтылды.
Иш-чарага катышкан окутуучулар да студенттерди куттуктап, эне тилди урматтоо, аны өнүктүрүү жана жашоонун бардык тармактарында активдүү колдонуу керектигин баса белгилешти. Алар кыргыз тили байыркы, тамыры терең элдин тили экенин айтып, студенттерди улуттук тилди терең өздөштүрүүгө үндөштү.
Мындан тышкары, студенттер өздөрү да чакан концерттик программа даярдап, иш-чарага көрк кошушту. Алар салттуу ырларды ырдашып, эне тилге болгон сүйүүсүн жана сый-урматын чыгармачылык аркылуу көрсөтүштү.
Бул куратордук саат студенттердин тилге болгон сүйүүсүн арттырып, кыргыз тилинин тарыхый жана маданий маанисин терең сезүүгө өбөлгө түздү.