1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

305

АДИСТИКТИКТИ ТУУРА ТАНДОО -  КЕЛЕЧЕККЕ АЙКЫН ЖОЛ

Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын Экономика багыты боюнча 1-курстун ЭКк-1-23 тайпасынын студенттери Жалал-Абад шаарында жайгашкан мекемелерде болушту. Алгач Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгында болушту. Мекеменин жетекчиси Токтомамбетов Усон Байжанович Салык кызматынын бөлүмдөрү, алардын милдеттери боюнча маалымат берди. Аны менен бирге учурдагы салык кызматынын орду маанилүү экендигин белгиледи.

Кийинки таанышуу Жалал-Абад областтык статистика башкармалыгында болду. Мекеменин жетекчиси Масабиров Исламбек Автандилович Статистика башкармалыгынын түзүмдөрү боюнча маалымат берип, учурдагы статистиканын ордуна токтолуп өттү. Жолугушуу учурунда студенттер өздөрүнүн суроолорун берүү менен толук маалымат алууга жетишишти.

Жыйынтыгында жогорудагы мекемелердин жетекчилерине Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын  башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов кафедранын атынан ыраазычылык билдирди.