ОшМУда “Статистика” предмети боюнча олимпиада уюштурулду
Түштүк региондо жайгашкан ЖОЖдордун арасында “Статистика” предмети боюнча олимпиада уюштурулду. Уюштурууну Ош мамлекеттик университетинин “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” кафедрасы колго алышкан. Олимпиада Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесинин алкагында жана “3-апрель – Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнө” карата уюштурулган.
Олимпиадага Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын ФКк-1-22 тайпасынын студенттери Шакиржанова Айзат жана Асилбекова Айзирек катышышты. Жыйынтыгында 8 команданын ичинен 3-орунду камсыз кылышып, тиешелүү дипломдорго ээ болушту