1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

92

«КОНОК ЛЕКЦИЯ - ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ»

Экономикалык-юридикалык факултетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы Түштүк региондо жайгашкан жогорку окуу жайлар менен дайыма тажрыйба алмашып келишет. 2024-жылдын 3-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинин Экономика багытынын студенттерине “Кыргыз Республикасынын улуттук статистикасынын экономиканын абалын аныктоого кошкон маалыматтык салымы” - темасында  кафедранын профессору, экономика илимдеринин доктору Садыралиев Жандарали жана экономика илимдеринин кандидаты доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович “Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалы” темасында конок лекцияларын окушту. Конок лекцияда статистиканын орду, экономикага болгон салымы жана байланышына баа берилип, аларды өркүндөтүүнүн жолдору, инновациялык технологияларды колдонуу, Кыргызстандын экономикасын учурдагы абалы боюнча маалыматтар берилди.

 Лекцияда суроо-жооптор талкууланып, конок лекциянын жүрүшү студенттер  үчүн кызыктуу болду.   Конок лекцияда лекторлор “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы менен пикир алмашышып, жыйынтыгында лекторлорго ийгилик каалоо менен ОшМУнун ректорунун сертификаттары тапшырылды.