АДИС ДАЯРДООДО - АТА -ЭНЕНИН ОРДУ
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын «Экономика» багытында билим алып жаткан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга областыбыздын райондорунан ата-энелер келишип, ар бир тайпанын кураторлору менен кафедранын жамаатты менен таанышышты.
Жолугушууда экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д., профессор А.К.Аскарова, экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов студенттердин окуу, коомдук-тарбиялык жана маданий иш чараларындагы жетишкендиктерине токтолушту. Ата-энелер окуу процессине тиешелүү жоболор, AVN cистемасы, ата-энелердин милдеттери менен тааныштырылды. Аны менен бирге өзгөчөлөнгөн мыкты окуган студенттердин ата-энелерине, факультеттин жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш чарада ата-энелер мындан ары факультеттин профессордук-окутуучулар курамы менен дайыма байланышта болуп, балдарды биргеликте тарбиялоо сунушун айтуу менен ыраазычылыктарын билдиришти.