АКЧА ДАРАГЫ
2024-жылдын 29-февраль күнү экономикалык–юридикалык факультетинин Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын “Финансист” жана “Жаш бухгалтер” илимий ийримдеринин жетекчиси Ч.С. Орозова жана ийримдин мүчөлөрү менен биргеликте “Акча дарагы” аттуу кезектеги иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чара БЭк-1-20, ФКк-1-20 тайпаларынын студенттеринин арасында уюштурулуп, презентациялар көрсөтүлүп, Кыргызстандын экономикасын өркүндөтүүнүн жолдору, өндүрүштө инновациялык технологияларды колдонуу боюнча баяндамалар окулду.
Кафедра башчысы Төлөнов Э.Н.сөз сүйлөп, БЭк-1-20, ФКк-1-20 тайпаларынын студенттери тарабынан даярдалган “Монеталык үйгө” формасында чагылдырылган макетин өзгөчө белгилеп, кезектеги конкурска катышуусун сунуштады жана студенттердин илим изилдөө иштерине ийгиликтерди каалап, өз кесибинин мыкты устаттары болууга чакырды