1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

177

Квалификациялык иш алдындагы практика боюнча он-лайн конференция өткөрүлдү

2023 – 2024 – окуу процессинин графигине ылайык, ФКс-1-19 жана БЭс-1-19 тайпаларынын студенттери 2024 – жылдын 4 – мартынан 16 – мартына чейин квалификация алдындагы практикага чыгып жаткандыгына байланыштуу, 2024  - жылдын 29 – февралында Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Э.Н. Төлөнов, практика жетекчилери э.и.к., доцент А.Т. Мамыралиева, улук окутуучу Н.К. Мусакулов жана окутуучу П.М. Абдыкадыров менен жогоруда аталган тайпалардын студенттеринин катышуусунда он-лайн конференция болуп өттү.

Конференцияда квалификация алдындагы практиканын өзгөчөлүгү, максаттары, практика мезгилинде аткарылуучу жумуштар, документтерди топтоо жана толтуруунун жол-жоболору, жол картасы жана баалоо критерийлери боюнча кеңири маалыматтар берилип, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.