Чет өлкөлөрдө жогорку окуу жайдын академиялык кадыр-баркын жогорулатуу боюнча конок лекция

2025-жылынын 25-сентябрдан 27-сентябрына чейин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу максатында экономика жана укук Институтунун студенттерине, аспирант жана окутуучуларга федералдык мамлекеттик автономиялык "ПАТРИС ЛУМУМБА атындагы Россия эл достугу университети" жогорку кесиптик билим берүү мекемесинин профессору, э.и.д., профессор Елена Геннадьевна Попкова “Цифровизация АПК”, “Глобальный дисбаланс проблема изыточного долга”, “Повышение академической репутации РУДН за рубежом” аттуу темаларга, Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин профессору, э.и.д. Шахло Тургуновна Эргашева “Повышение академической репутации Ташкентского государственного экономического университета за рубежом” конок лекцияларды окушту. Лекциялар көптөгөн керектүү маалыматтарды камтыган презентация түрүндө берилди жана анын жүрүшүндө студенттер кызыктырган суроолорун бере алышты.