1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономикалык жана укук институт
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

33

1

Эне тилим – түбөлүктүн мурасы

Кыргыз тили - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз. Келечек үчүн – түбөлүктүү мурасыбыз.

2025 - жылдын 23-сентябрында БЭк-1-25 жана ФКк-1-25 тайпаларында Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Эне тилим – түбөлүктүн мурасы” аттуу куратордук саат өткөрүлдү. Тарбиялык саатта Эне тилибиздин басып өткөн жолун, улуулугун, бийиктигин даңазалаган ырлар окулуп, баяндамалар жасалды.

Мамлекеттик тилибизди даңктаган презентация көрсөтүлүп, дубал газеталар чыгарылды.

Куратордук саатка Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын профессор – окутуучулук курамы, БЭк-1-25 тайпасынын куратору Абдыманап кызы Нурия, ФКк-1-25 тайпасынын куратору э.и.к, доцент А.Т. Мамыралиева, ошондой эле аталган тайпалардын кураторлору катышышты.