1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

17

1

Өндүрүштүк практикадан жаны профессионалдык ыкмалар

2025-жылдын 12-майында Б.Осмонова атындагы ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультетинин Экономика, эсеп жана каржы кафедрасында ФКк-1-22 тайпасынын студенттеринин өндүрүштүк практикасын аяктагандыгы боюнча отчетторду кабыл алуу боюнча конференция болуп өттү.

  Конференциянын максаты - студенттин практика учурунда алган билимин жана көндүмдөрүн баалоо, ошондой эле практиканын жүрүшүн жана иштин жыйынтыгын талкуулоо.

  Конференцияда студенттер тарабынан даярдалган докладдар окулуп талкууланды жана коргошту. Ошондой эле практика учурунда топтолгон тажрыйба жана жетишкен натыйжалар тууралуу маалымат берилди, студенттер өндүрүштүк практиканын жүрүшү, ишкананын ар кандай структуралык бөлүмдөрүндө аткарган иштери тууралуу алган таасирлери менен бөлүшүп, практика учурунда жаңы кесипкөйлүккө ээ болгондугу жана кандай көйгөйлөрдү чечкендиктери тууралуу айтып беришти.

  Өндүрүштүк практиканын жыйынтыгына жалпы баа берүү үч компоненттен түзүлдү: ишкананын жетекчиси тарабынан берилген баа, билим берүү уюмунан жетекчи тарабынан берилген отчеттун мазмунуна жана жасалгасына баа берүү жана отчетту коргоо боюнча баа. Ар бир студентке жекече баа берилип, андан аркы практикалык кадамдарга сунуштар берилди. Акыркысы басымдуу мааниге ээ болгон.

  Өндүрүштүк практика студенттер үчүн билимин жана көндүмдөрүн текшерүүгө, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүккө даярдыгын көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү маанилүү этап болуп саналат. Университет мындан ары да студенттердин профессионалдык өнүгүүсүнө чоң көңүл буруп, аларды ийгиликтүү карьерага даярдайт.