Бухгалтерлер жана аудиторлордун кесиптик майрамы күнү

2025-жылдын 3-апрелинде экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасында “3-апрель – Бухгалтерлер жана аудиторлордун кесиптик күнүнө” карата илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө ишканаларда бухгалтердик кесиптин орду жана бухгалтердик эсептин экономикага кошкон салымы боюнча макалалар окулду. Аны менен биргеликте кафедра башчынын акчалай сыйлыгына Экономика боюнча “Эң мыкты макет”, “Эң мыкты сүрөт”, “Эң мыкты макала” номинациялары боюнча конкурс жүрдү. Ар бир тайпанын командасы тарабынан жасалган макеттерге, тартылган сүрөттөргө презентация жасашты.
Илимий-практикалык конференцияда ЭЮФтун деканы э.и.д.,профессор А.К. Аскарова, ЭЮКтун директору э.и.д.,профессор А.Б.Карбекова, ЖАМУнун башкы бухгалтери Ж.Ж.Ташболотов, каржылык-пландоо бөлүмүнүн башчысы П.М.Абдыкадыров сөз сүйлөшүп, келечектеги бухгалтерлерге өзүнүн кесибинин мыкты устаты болуусун айтуу менен студенттердин кол өнөрчүлүгүнө, макалаларына, сүрөттөрүнө өзгөчө баа берип куттукташты.
Кафедра башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Э.Н. сынактын катышуучулары тарабынан даярдалган макеттерин өзгөчө белгилеп, конкурста 1-2-3- орун алган командаларга акчалай сыйлык жана дипломдорду ыйгарды.
Жыйынтыгында студенттердин илимий-изилдөө иштеринде ийгиликтерди жана тандап алган кесибин жакшы өздөштүрүп, келечекте татыктуу кесипкөй адис болуусун каалады.