“Мыкты окуу программа – жаш адистердин келечеги”

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан “өткөрүлүүчү “Мыкты окуу программа – жаш адистердин келечеги” – аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш чарада кафедранын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов Экономика багыты боюнча (бухгалтердик эсеп,анализ жана аудит, каржы жана насыя профилдери) түзүлгөн жалпы билим программасы жана окуу пландары боюнча кеңири маалымат берди.
Иш берүүчүлөр адистерди даярдоодо базар экономикасынын шартындагы талаптар, жумушка орношуудагы критерийлер боюнча токтолушуп окуу пландарга учурдагы талап болгон предметтерди сунуш кылышты. Тегерек столдун үстүндө иш берүүчүлөр жана кафедранын профессордук-окутуучулар курамынын, студенттеринин ортосунда чоң дискуссия жүрүп, көптөгөн суроолорго жооп алынды.
Иш чарага ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы фил.и.к., доцент З.С.Калыбекова, экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д., профессор Аскарова А.К., окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Т. Эргешов катышып, тегерек столдун темасы учурдун талабы экенин баса белгилеп кетишти.
Жыйынтыгында иш берүүчүлөр тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу, кафедранын окуу планына киргизүү жана аткаруу иштери кафедранын жааматына жүктөлдү. Тегерек столго банк, салык, статистика жана финансы сферасындагы Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жайгашкан банктардын жана ишканалардын жетекчилери катышты.