1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Жарандык укук жана адвокатура кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

121

1

Ата-энелер чогулушу

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин юриспруденция адистигинде окушкан Юк-1-23 тайпасынын студенттеринин ата энелери менен чогулуш 22.02.2024-ж болуп өттү. Чогулушка бардык ата энелер катышышты. Чогулуш негизинен “Бүгүнкү студент- эртеңки адис ” темасынын алкагында болду. Чогулушту ачып, сөз сүйлөгөн тайпанын куратору З.Амиракулова иш план менен тааныштыргандан баштап,  студенттердин сабакка катышуу жетишүүлөрү, окуу процессинин жүрүшү, тарбиялык иштери, куратордук сааттар, окуу төлөмдөрү, жүрүм турумдары, жетишкен ийгиликтери ошондой эле булар 1-курс болгондуктан бардык жактан акырындан адаптация болууларын айтып, жалпы тайпа боюнча маалымат берип өттү.

Ата энелер чогулушуна кафедранын доценти саяс.и.к. Алымкулов Бекжан агай ошондой эле факультеттин деканынын окуу иштери боюнча орун басары К.Ташиева жана тарбия иштери боюнча орун басары Абдыманап кызы Нурия катышышып жалпы окуу, тарбия иштери боюнча маалымат берип өтүштү. Кафедранын доценти Алымкулов Бекжан агай студенттерге сабак берген мугалим катары студенттердин ар биринин билимин жүрүм турумдарын сабакка катышууларын кеңири айтып өттү жана студенттердин ийгиликтерин да айтты.Ошону менен катар ата энелерден да сөзгө чыгышып, сөз сүйлөшүп, маалымат да алышып, окуу жай менен болгон тыгыз байланыш мындан ары күчөөрүн билдиришти. Ата энелер чогулушу жогорку деңгээлде өттү.Аягында ата энелер тарабынан каалоо тилектер айтылып, ийгиликтерди каалап өтүштү.