ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ, ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ! АТТУУ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН АЧЫК КУРАТОРДУК СААТ

Жыл сайын 9-майда биз Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн белгилеп келебиз. Бул күндү - тарыхта терең из калтырган, адамзаттын эрки менен кайратмандыгынын символу болгон улуу күн катары билебиз. 1941-жылдын 22-июнунда фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салуу менен тарыхтагы эң кандуу жана кыйратуучу согушту баштаган. Бул согуш 1418 күнгө созулуп, миллиондогон адамдардын өмүрүн алган. Кыргыз эли да бул согушка өз салымын кошкон. Жүз миңдеген кыргыз жоокерлери майдандарга аттанып, алардын көпчүлүгү өз өмүрүн курман кылган. Өлкөбүздөн 360 миңден ашуун адам согушка кетип, алардын 90 миңден ашыгы кайтпай калган. Аялдар тылда иштеп, фронтко азык-түлүк, кийим-кече, ок-дары жөнөтүп турушкан. Биздин ата-бабаларыбыз эрдик көрсөтүп, курал көтөрүп гана эмес, тилектештик жана биримдик менен да жеңишке салым кошушкан. Ар бир жараныбыз үчүн бул күн - бабаларыбыздын эрдигине таазим кылып, алардын эстелигин ыйык сактоого тийиш экендигинин белгиси.
Мына ушундай тарыхты эскерүү менен экономикалык-юридикалык факультетинин 530500 юриспруденция багытынын ЮСк-2-24 тайпасына Б.Н.Алымкулов тарабынан Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт! урааны астында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган ачык куратордук саат өткөрүлдү. Негизинен иш чарада видео ролик; доклад (Токтоналиева Д.К.); жеке номер «Кыргызстан» ыры, (Токторбаева С.Д.); декламация (Туташев.А, Сарыбаев.Б, Худайбердиев.А); монолог «28 баатыр» (Токторбаева С.Д.); хор «Жоокер ыры» (ЮСк-2-24 тайпасы) тартууланды. ЭЮФтун декандын орун басарлары К.М.Ташиева, Д.Ш.Жолболдуева сөз сүйлөшүп, студенттердин окууларына жетишкендиктерди жана чыгармачылык ийгиликтерди каалап өтүштү.
Соңунда, жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын башчысы ю.и.к., доцент Н.К.Нарматов: Жеңиш күнү - бул жеңүүнүн гана эмес, тынчтыктын күнү. Биз согуш көрбөгөн муун катары, тынчтыкты сактап калууга умтулушубуз керек. Ар бир үйдө ынтымак болсун! Ар бир жүрөктө тынчтык орносун! Улуу Жеңиш күнүндө баатырларыбыздын руху түбөлүк улук болсун! Жеңиш күнүңүздөр менен! Тынчтык болсун, согуш болбосун! - деп өз сөзүн жыйынтыктады.