1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

78

БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ-ЭРТЕҢКИ АДИС

Экономикалык-юридикалык факультетинин юриспруденция адистигинде окушкан Юк-1-23 тайпасынын студенттеринин ата энелери менен чогулуш болуп өттү.

 Чогулуш негизинен "Бүгүнкү студент-эртеңки адис" темасынын алкагында болду. Жыйынды ачып, сөз сүйлөгөн тайпанын куратору З. Амиракулова студенттеринин сабакка катышуу жетишүүлөрү, окуу процессинин жүрүшү, тарбиялык иштери, куратордук сааттар, окуу төлөмдөрү, жүрүм турумдары, жетишкен ийгиликтери ошондой эле булар 1-курс  болгондуктан бардык жактан адаптация болууларын айтып, маалымат берип өттү.

 Ата энелер чогулушуна кафедранын доценти саясий.и.к. Алымкулов Бекжан  ошондой эле факультеттин деканынын окуу иштери боюнча орун басары К. Ташиева жана тарбия иштери боюнча орун басары Абдыманап кызы Нурия катышышып жалпы окуу тарбия иштери боюнча маалымат берип өтүштү. Кафедранын доценти Алымкулов Бекжан  студенттерге сабак берген агай катары студенттердин ар биринин билимин жүрүм турумдарын сабакка катышууларын кеңири айтып өттү жана студенттердин ийгиликтерин белгилей кетти. Ошону менен катар ата энелерден да сөзгө чыгышып сөз сүйлөшүп, маалымат да алышып, окуу жай менен болгон тыгыз байланыш мындан ары күчөөрүн билдиришти. Ата энелер чогулушу жогорку деңгээлде өттү. Аягында ата энелер тарабынан каалоо тилек айтылып, ийгиликтерди каалап өтүштү.