- Факультеттер
- Экономикалык-юридикалык факультети
- Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасы
- Жаңылыктар
“Мыкты улук окутуучу” сынагынын номинанты
2024 – жылдын 26 - февралында экономикалык – юридикалык факультетинин, кылмыш, жаза жана укуктук дисицплиналар кафедрасынын улук окутуучусу Ташиева Канымгүл Мадановна биздин окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын арасында өткөрүлүүчү “Мыкты улук окутуучу” сынагынын катышуучусу катарында, Юк-1-23 тайпасында “Мыйзамдуулук жана укуктук тартип” аталышындагы ачык саатын өткөрдү.
“Мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти жөнгө салуу” курсун өздөштүргөн студент төмөндөгүдөй компетенцияларга ээ болушу зарыл:
- мамлекеттин жана укуктун пайда болуусунун өбөлгөлөрүн, дүйнөдөгү укуктук системаларга мүнөздүү белгилерди, өлкөдөгү укуктун колдонулушунун, укук нормаларынын жайылтылышынын негизги принциптерин, Кыргыз Республикасындагы конституциялык жана тармактык укуктарынын мүнөзүн, эл аралык укуктун негиздерин ажыратып билүү;
- укуктук маселелер боюнча жалпы талкууларга катыша алуу мүмкүнчүлүгү сыяктуу жөндөмдүүлүкө жалпы жарандык жана профессионалдык компетенцияга ээ болуу болуп саналат.
Өтүлгөн ачык саатта улук окутуучу окутуунун алдыңкы методикаларын пайдаланып, студенттерге тема боюнча толук маалыматтарды берүүгө жетишти.