1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономикалык жана укук институт
  4. Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

20

1

”Эне тили-элдин даңкы”

2025-жылдын   24-сентябрында  ЖАМУнун  Экономика жана  укук  институтун  Жарандык    укук жана адвокатура кафедрасынын Юк- 1-24 тайпасы тарабынан    Мамлекеттик тил күнүнө  карата ”Эне тили-элдин даңкы” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында студенттер эне тилдин  тарыхын баяндап, көргөзмө куралдар жана тил жөнүндө  слайд-шоуну сунушташты. Ошондой эле  майрамдык концерттик программа уюштурулуп,анда студенттер  эне тилдин ар бир адам үчүн канчалык маанилүү экендигин белгилешти. Тилди-сактоо жана баалоо- ар бир жарандын ыйык милдети экендиги өзгөчө баса белгиленди.

         Иш-чаранын  аягында окутуучулар  студенттерге эне тилдин элдин  даңкы, руханий байлыгы жана наркы экендиги тууралуу кеңири маалымат берип,ар бир адам  өз тилин кадырлап-баркташы зарыл экендигин белгилешти. Ошондой эле, студенттерге келечектеги  юрист  адистери катары мамлекеттик тилди мыкты деңгээлде билүү алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө чоң мааниге ээ боло тургандыгын тууралуу баалуу кеңештер берилди. Иш-чаранын соңунда окутуучулар студенттерге терең ыраазычылык билдиришти.