«МЫКТЫ ДОЦЕНТ» КОНКУРСУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 100 жылдык юбилейине карата «100 жылдыкка 100 иш-чара» долбоорунун алкагында окуу-усулдук багытта бир катар конкурстар уюштурулуп өткөрүлдү. «Мыкты доцент» конкурсуна ЭЮФтун профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Токтогулова Гүлжамал Тыныбековна катышты. Конкурстун жобосуна ылайык, Г.Т.Токтогулованын ачык сабагы 2024-жылдын 28-февралында 540200 Социалдык иштер багыты боюнча СК-1-22 тайпасынын 2-курсунун студенттери үчүн социалдык саясат предметинен «Калкты социалдык жактан тейлөө» деген темада лекция формасында өтүлдү. Конкурстук комиссия доцент Г.Т.Токтогулованын лекция формасында өткөн ачык сабагын конкурстук жобонун критерийлери боюнча баалап, мыкты доцент катары 2-орунду ыйгарышты.