1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономикалык жана укук институт
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

30

1

1-Октябрь – Эл аралык Карылар күнү Экономика жана укук институтунда белгиленди

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунда 1-Октябрь – Эл аралык Карылар күнү жогорку деңгээлде жана жылуу маанайда белгиленди. Бул күнү ардактуу ардагерлерге, аксакалдарга жана профессордук-окутуучулук курамдын улуу муунуна терең урмат көрсөтүлдү.

Иш-чаранын башкы уюштуруучулары болгон Экономика жана укук институтунун студенттери улуу муунга арнап салттуу концерттик программа тартуулашты. Студенттер өз өнөрлөрү, ырлары жана күлкү-шаңдуу көрсөтүүлөрү аркылуу ардагерлерге жаштыктын жылуулугун жана терең ыраазычылыгын билдиришти. Бул салт институттун муундар аралык байланышты бекемдөөгө болгон өзгөчө мамилесин айгинелеп турат.

Салтанаттын расмий бөлүгүндө Экономика жана укук институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Аскарова Айнура Каныбековна сөз сүйлөп, ардагерлердин билим берүүгө жана илимге кошкон зор салымын баса белгиледи.

Директор А.К. Аскарова андан ары институттун келечегине пайдубал түптөп, узак жылдар бою үзүрлүү эмгектенип келген профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер, Экономика, эсеп жана каржы, Кылмыш-жаза укуктук дисциплиналар, Жарандык укук жана адвокатура кафедраларынын ардактуу аксакал агайларына өзгөчө урмат менен кайрылды. Иш-чаранын соңунда аларга сый-урмат көрсөтүлүп, атайын белектер салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Бул иш-чара жаштарга улууларды сыйлоо маданиятын сиңирип, окуу жайдын ар бир мугалимге жана ардагерге болгон терең урмат-сыйын дагы бир жолу далилдеди. Иш чара өз максатына жетти.