1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономикалык жана укук институт
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

31

1

Окуу жайга адаптациялоо процесси жүргүзүлүүдө

Экономика жана укук институтунун биринчи курстагы студентери ЖАМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы п.и.д., профессор Таалайбек Эгембердиевич Уметов, институттун директору э.и.д., профессор Айнура Каныбековна Аскарова тарабынан студенттердин милдеттери, укугу жана окуу жайдын эрежелери менен тааныштырылды. Студенттер окуу процесстин графиги, АВН порталында иштөө, студенттердин жетишүүсүн жана билим сапатын баалоочу модулдук-рейтинг системасы, модулдарга жана экзамендик сессияга киргизүү жана академиялык карыздарын кайра тапшыруу тартиби боюнча жана ЖАМУнун сайтына кирүү, маалыматтарды алүү, окуу-илимий, китепканалык-маалыматтык борборундагы ресурстарды пайдалануу боюнча  маалымат берилди. Ар бир студентке логин, паролдор берилип, жеке кабинетке кирүү жана пайдалануунун тартиби үйрөтүлдү.