Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн альтернативдүү стратегиялары

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика багытындагы студенттерине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Вон-Гю Хван мырза, "Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн альтернативдүү стратегиялары" темасында конок лекция окуду. Лекция учурунда Кыргыз Республикасын туруктуу экономикалык өнүктүрүү үчүн саясатынын инновациялык түрлөрү боюнча (хаб куруу, Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык өнүгүүнүн эталондук моделдерин аныктоо) маселелери каралды. Вон-Гю Хван мырза Кыргыз Республикасы качан байыйт? Башка өлкөлөрдү кантип кууп жетүүгө болот? Ал үчүн кандай шарттар бар? - деген суроолорго өз пикирин билдирди. Ошондой эле студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.