Экономикалык-юридикалык факультетинин 2024-2025-окуу жылындагы аткарылган иштери боюнча жылдык очеттук жыйыны

2025-жылдын 30-июнда экономикалык-юридикалык факультетинде 2024-2025-окуу жылындагы аткарылган иштери боюнча жылдык очеттук жыйыны болуп өттү. Жыйынды факультеттин деканы, э.и.д., профессор Айнура Каныбековна Аскарова жетектеди. Күн тартибине факультеттин окуу жылы ичиндеги окуу иштери, окуу-усулдук иштери, илимий-изилдөө иштери жана коомдук-тарбиялык иштери боюнча аткарылган иштердин отчеттору угулду. Факультеттин деканы Айнура Каныбековна окуу иштери боюнча жыл ичиндеги аткарылгын жана аткарылбай калган сааттар боюнча маалыматын берди. Ошондой эле модулдардын анализдери, сесиянын жыйынтыктары, студенттердин сабакка катышуусу, жетишүүсү боюнча маалымат берип жыл ичинде аткарылган факультеттеги жалпы окуу-усулдук иштерге кеңири токтолду.
Факултеттин илимий иштер боюнча э.и.к., доцент Д.Ш.Жолболдуева илимий иштер боюнча отчетун берди. Жыл ичинде алты илимий-практикалык конференциялар өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Жалпы факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү үчүн 29 конференция катышканын билдирди. Жыл ичинде жалпы жарыяланган макалардын саны 56, анын ичинде SCOPUS базасынан 12 макала РИНЦ базасынан 44 макала жарыкка чыккан.Факультеттин студенттери аймактык студенттердин олимпиадасына катышып, байгелүү орундарга жетишкендигин баса белгиледи. (1-орунга 2 студент; 2-орунга 1 студ; 3-орунга 1 студент ээлешкен). Факультетте иштеп жаткан ийримдер боюнча токтолуп, бардык кафедраларда 6 ийрим иштей тургандыгын белгиледи. Юридикалык клиника ийримдин мүчөлөрү Заманбап эл аралык университети тарабынан откорулгон парламенттик форматында уюштурулган дебатта Юк-1-24 тайпасынын студенттеринен тузулгон команда 3-орунду ээлеген, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясы кунуно карата К.Ш. Токтомаматов университети тарабынан уюштурулган жалпы 6 ЖОЖ катышкан акыл таймашында 1-курстун Юк-1-24 тайпасынын студенттеринин командасы 2-орунду ээлеген.
Тарбиялык иштер боюнча факультеттин декандын орун басары Абдыманап кызы Нурия факультетте жүргүзүлгөн коомдук-тарбиялык иштер боюнча айтып өттү. Негизинен ар бир кафедрада жылдык иш планында бекитилген иш чаралары өз убагында өткөрүлгөндүгүн баса белигледи. Кафедралардагы план боюнча ай сайын өткөрүлгөн куратордук сааттар жана иш чараларга кенен токтолду.
Ар бир жетечинин берген отчеттору боюнча суроо-жооп, сунуштар айтылды.
Аягында Экономикалык-юридикалык факультетинин 2024-2025-окуу жылындаги аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылды.
Жыйындын аягында сыйлоо аземи болуп, факультеттин активдүү профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрүнө факультеттин дипломдору тапшылырды.