ЭЮФта “Ыр, бийге турат кумарым, өзгөчө макам алганым” атту иш чара

2025-жылдын 2-апрелинде экономикалык-юридикалык факультетинин жалпы жамааты Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандардын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын аткаруу жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына, ЖАМунун түптөлгөндүгүнүн 102 жылдыгына, түзүлгөнүнүн 32 жылдыгына карата “Ыр, бийге турат кумарым, өзгөчө макам алганым” аттуу иш - чара өткөрүшүп өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иш - чараны ЖАМУнун ректору, профессор Кеңешбек Жумабекович Усенов куттуктоо сөз менен ачты. Иш - чара сынактык төмөнкү тапшырмаларды камтыды:
1. “ЖАМУ - менин жүрөгүм” (“ЖАМУга 102 жыл” аттуу флешмоб, ЖАМУнун 102 жылдыгына карата, экономикалык - юридикалык факультеттин жетишкендиктери боюнча видео ролик жана көргөзмө уюштурулду.
2. Саламдашуу (Салам, ЖАМУ салам! аттуу профессордук-окутуучулук курамдын аткаруусунда хор);
3. “Урааным Манас!” (Курманбек дастанынан үзүндү Ш.М.Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын доценти, ф.и.к. Гүлжамал Тыныбековна Токтогулованын аткаруусунда);
4. “Нукура кыргыз ырлары” (“Кылмыш-жаза укуктук дисциплиналар” кафедрасынын башчысы Таалай Жолдошбаевич Суусунбаевдин аткаруусунда “Сагынам” аттуу фольклордук ыр комуздун коштоосунда, “Кыздар ай” аттуу элдик ыр мырзалар тобунун аткаруусунда: Расул Шамшиев, Марат Мамытов, Эмил Төлөнов, Нурлис Нарматов, Нурманбет Кулушев, Адилет Усенов, Б. Борбиевдин калемине таандык “Жаным” аттуу заманбап ыр Ш.М.Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын окутуучусу Нуркан Алдосованын аткаруусунда, “Сезимдейги ой” аттуу элдик ыр “Экономика, эсеп жана каржы” кадедрасынын доценти, э.и.к. Айнагүл Мамыралиева, улук окутуучу Бактыгүл Аширалиеванын аткаруусунда, “Издеп жүрөм” аттуу ыр э.и.к., доцент Гүлчехра Абдырахманованын аткаруусунда, “Кош жылдыз” аттуу заманбап ыр Ш.М.Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын окутуучусу Нуркан Алдосова менен Адилет Усеновдун аткаруусунда, “Жаштарга” заманбап ыр Ш.М.Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын окутуучусу Адилет Усеновдун аткаруусунда;
5. “ЖАМУнун вальсын бийлейли, кайгы капа билбейли!” (ЖАМУнун вальсы Адилет Усенов, Зарина Кошалиева, Нурмамбет Кулушев, Ырысгүл Кожоназарова, Нурбек Арзиев, Нуркан Алдосова);
6. “ЖАМУну түптөгөн залкарлар” ЖАМУдан чыккан белгилүү инсан М.Борбугуловдун калемине таандык “Көпүрө куруу” аттуу тамсил Аткаруучулар: Нурбек Мусакулов, Айнагүл Мамыралиева, Бактыгүл Аширалиева, Абдыманап кызы Нурия, “Кылмыш - жаза укуктук дисциплиналар” кафедрасынын улук окутуучу Канымгул Ташиева, Ш.М.Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Расул Кеңешович Шамшиев, улук окутуучу Марат Мамытов.
Жыйынтыгында жалпы жамаат ЖАМУнун маршын аткаруу менен аяктады.
Калыстар тобу өз ойлорун билдирип, өзгөчө номерлерди белгилеп, гала-концертке жолдомо беришти.