1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

35

1

Глобалдык акча жумалыгынын алкагында конок лекция

2025-жылдын 9-апрелинде Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында экономика-юридикалык факультетинин студенттерине Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Депозиттерди коргоо фондун башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Танабаев Чыңгыз Маратович жана Элдик банктын Жалал-Абад филиалынын эмгек акы долбоорлорун тейлөө тобунун башкы адиси Т.А. Рустамов, кредиттик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.П. Байтиковдун «Депозиттерди коргоо – ар бир жарандын финансылык коопсуздугунун эң маанилүү элементи» деген темада конок лекция окушту. Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы - жыл сайын 176дан ашык өлкөдө өтүүчү эл аралык кампания. Анын негизги максаты – балдарга жана жаштарга акчаны туура башкарууга, акылдуу финансылык чечимдерди кабыл алууга жана туруктуу келечекти курууга жардам берүү.

Глобалдуу акча жумалыгы– 2025 урааны: “Акылмандык башта, эртең акча капчыкта”. Бул ураандын актуалдуулугу жаштарды маалымат мейкиндигинде финансылык инструменттер жөнүндө ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу зарылчылыгы менен байланыштуу. 

Биз тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жашап жатабыз: технология тез өнүгүп жатат, онлайн алдамчылык күч алууда жана финансылык каталар кымбатка турушу мүмкүн. Ошондуктан бүгүнкү күндө акчаңызды коргоону, банк тутумунун кандай иштээрин түшүнүүнү, бюджетти түзүүнү жана абийирсиз адамдардын айла-амалдарына алдырбоону үйрөнүү мурдагыдан да маанилүү.

Лекциянын жүрүшүндө студенттер кызыктырган темаларда суроолорун бере алышты. Жыйынтыгында интерактивдүү оюн өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.