1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

43

Адис даярдоодогу – ата-эненин орду

2024-жылдын 12-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинде “Ата-энелердин адис даярдоодогу орду” аттуу кереге кеңеш өткөрулдү.  Кереге кеңеште факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит", "Финансы жана кредит", «Юриспруденция» жана «Социалдык иш» профилиндеги студенттердин ата-энелери катышышты.

Факультеттин деканы э.и. д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна куттуктоо сөзү менен чыгып, ата-энелерге деканаттын ишмердүүлүгү, АВН системасы, модулдук баалоо системасы, окуу процессинин графиги менен тааныштырып, студенттердин жетишүү жана катышуу көйгөйлөрү боюнча маалымат берди.

"Экономика, эсеп жана финансы" кафедрасынын улук окутуучусу Н.К. Мусакулов студенттердин тартип маселелерине, сабакка кечигип келүүсүнө токтолуп, ата-энелерге көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

"Жаза-укуктук дисциплиналар" кафедрасынын башчысы Т.Ж. Сусунбаев студенттерди практикалык сабактарды өндүрүштүк ишканаларда, сот жана ички иштер бөлүмдөрүнүн жумуш ордуларында окутууну жүргүзүү боюнча кеңири маалымат берди.

Жыйынтыгында студенттер ата-энелер үчүн концерттик программа тартуулашты. Ата-энелер мындан ары профессордук-окутуучулар курамы менен жогорку окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришип, дайыма байланышта болуп, балдарды биргеликте тарбиялоо сунушун айтышты.