ЭЮФта "САРМЕРДЕН"
5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата экономикалык-юридикалык факультетинин жигиттер командасы жана филология факультетинин кыздар командасы тарабынан Сармерден оюну өткөрүлдү. Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д., профессор А.К. Аскарова жана филология факультетинин деканы ф.и.к., доцент Ч.А. Асылбекова куттуктоолору менен иш-чара ачылды.
Көөнөргүс салттардын бири болгон кыз-жигиттердин айтышы эзелки салтты жандандырып, жалындаган таланттуу студенттер “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып, ыр-күүлөрдү аткарып, чимириле бий бийлеп, табышмак, жанылмач айтып көрүүчүлөрдүн жарпын жазышты.