- Факультеттер
- Медицина факультети
- Акушердик жана педиатрия кафедрасы
Акушердик жана педиатрия кафедрасы

Телефон:
Email:
ermatova@mail.ruТуулган күн:
May 06, 1995
Каттоо:
29.11.2024
Акыркы сапар:
5 месяцев назад
«Физиологиялык төрөттү жүргүзүү. Төрөттө бала – активдүү катышуучу»

ЖАМУнун медициналык факультетинин симуляциялык борборунда акушердик жана гинекология боюнча 4-курс студенттеринин практикалык сабагы өттү.
«Физиологиялык төрөттү жүргүзүү. Төрөттө бала – активдүү катышуучу» деген теманын алкагында студенттер заманбап билим берүү технологияларын колдонуу менен, анын ичинде көйгөй багытталган окутуу (PBL) жана симуляциялык окутуу ыкмалары аркылуу даярдыктан өтүштү.
Сабак учурунда келечектеги дарыгерлер төрөтканага боюнда бар аялдын түшүүсүн чагылдырган клиникалык сценарийге аралашышты. Окуутуучунун жетекчилиги менен жана жогорку реалисттүү симуляторлордун жардамы аркылуу студенттер төрөп жаткан аялдын жана түйүлдүктүн абалын комплекстүү баалап, төрөттүн I жана II мезгилин башкаруу тактикасын пландап, практикалык манипуляцияларды аткарышты — амниотикалык калпакты ачуу, киндигин кыскыч менен кысып коюу жана жаңы төрөлгөн баланын абалын Апгар шкаласы боюнча баалоо.
Айрыкча көңүл түйүлдүктүн төрөт процессинин активдүү катышуучусу катары ролуна бурулду: студенттер анын абалын, баш салып келүүсүн, адаптациялык механизмдерин жана төрөт учурундагы реакцияларын КТГ маалыматтары жана визуалдык шкалалардын негизинде талдашты.
Мындай сабактар студенттердин клиникалык көндүмдөрүн бекемдөө менен катар жоопкерчилик, команда менен иштөө, коммуникациялык жана этикалык компетенцияларды да өнүктүрүп, жогорку квалификациялуу дарыгерлерди даярдоодо маанилүү роль ойнойт.