1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

56

Медициналык институтта ЛДК 1–20 тайпасынын ата-энелер жыйыны өткөрүлдү

 Медициналык институттун ЛДК 1–20 тайпасынын «Дарылоо иши» адистигинин студенттеринин ата-энелери үчүн Zoom платформасы аркылуу онлайн форматта жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга тайпанын куратору Айнура Камбарова, окутуучу Мамашарип Абдумомунов  жана институттун жаштар комитетинин директорунун орун басары Манас Акимов катышты.

Анда ата-энелерге билим берүү процессине байланыштуу маанилүү маселелер, ата-энелердин укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ар бир студент боюнча окуу жетишкендиктери, сабакка катышуусу, тартип маселелери жана жалпы академиялык абалы тууралуу ата-энелерге өзүнчө маалыматтар сунушталды.

Ошондой эле студенттердин тарбиясы, жоопкерчилиги, университеттин ички эрежелери жана жаштар менен жүргүзүлүп жаткан тарбиялык иштер тууралуу сөз болду. Ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Мындай жолугушуулар ата-энелер менен билим берүү мекемесинин ортосундагы байланышты чыңдоого, студенттердин билим алуусуна жана тарбиясына биргелешип колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.