1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

90

СТУДЕНТТЕР МЕНЕН КУРАТОРДУК СААТ ӨТКӨРҮЛҮП, ТОП АКТИВИСТТЕРИ  ШАЙЛАНДЫ

Октябрь айында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык институтунда куратор Камбарова Айнура Кашкарлыковна жана ЛДк-1-24 тобунун студенттеринин катышуусунда куратордук саат өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө куратор менен студенттердин ортосундагы үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу, топтун окуу жана коомдук иштерин уюштуруу, ошондой эле ар кандай уюштуруучулук маселелер боюнча өз ара кызматташуу талкууланды.

Жолугушуунун негизги маселелеринин бири топтун активисттерин шайлоо болду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча топтун активисттери төмөнкүдөй болуп шайланды:

- Уюштуруучулар: Маматажиева Ясмина, Акимов Самаган

- Окуудагы мыктылар: Абдыкаимова Айназик, Аманова Раённа

- Мобилографтар: Надырбекова Айдана, Шадманова Аэлита

- Редактор: Маматажиева Ясмина

- Координатор: Акимов Самаган

- Чыгармачылык багыты: Айтыкеев Исхак — сүрөтчү

- Алып баруучулар: Калыбаева Гульжан, Субанкулова Учкунай

- «Тез жардам» жооптуу: Маматов Маданбек

- Жардамчылар: Махамаджанов Бакай, Белекбаева Нурайым, Жонбулатова Захро.

Бул иш-чара куратор менен студенттердин ортосундагы өз ара байланышты бекемдөөгө, студенттердин жоопкерчилигин, демилгелүүлүгүн жана топтун ынтымагын арттырууга өбөлгө түздү.