1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Медицина факультети
  4. Фармация кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

62

1

ОЛИМПИАДА 2025

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Олимпиада 2025» аталыштагы университеттик деңгээлде кезектеги олимпиада өткөрүлдү.

Олимпиаданы илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Куваков Сталбек Жеңишбекович ачып берди. ЖАМУнун ректору тех.и.д., профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович студенттерди куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Олимпиаданын жыйынтыгында Химия (адистик эмес) предмети боюнча (жетекчилери фармация кафедрасынын окутуучулары - Бечелова А.Т., Асилбек к.З.): 1-орунду медицина факультетинин ЛДк-Фарм-2-24 тайпасынын студенти Сатыкулова Жасмина, 2-орунду ЛДк-1-24 тайпасынын студенти Шадманова Аэлита, 3-орунду ЛДк-1-24 тайпасынын студенти Борбошова Гулнура ээлешти.

Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты жана алдыда жогорку окуу жайлар арасындагы өтүлүүчү аймактык олимпиадага жолдомо алышты. Бардык жеңүүчүлөргө ийгиликтерди каалайбыз!