1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Хирургия жана травматология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

182

Сочи шаарында жаш окумуштуулардын V конгресси болуп өттү 

2025-жылдын 26-28-ноябрында Россия Федерациясынын, Сочи шаарындагы Сириус илимий-технологиялык университетинде жаш окумуштуулардын V конгресси болуп өттү.

 Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина институтунун хирургия жана травматология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты  Саматбек Кадыралиев да катышып, тажрыйба артырып келди.

Конгресс алдыңкы жана фундаменталдык илимдин, мамлекеттик бийликтин жана экономиканын реалдуу секторунун диалогу үчүн эң ири аянтча болуп саналат жана илимий-технологиялык өнүгүүнүн негизги багыттарын белгилейт. Ага 8000ден ашуун катышуучу барды.  Россия Федерациясынын 89 аймагынан жана 45 чет мамлекеттен, анын ичинде 480 россиялык жана 44 чет өлкөлүк ЖОЖдордун өкүлдөрү катышты.

Конгресстин программасы илим, жаны технология, бизнес, көргөзмө, спорт жана маданият (кечки) программаларын камтыды. Ишкердик программа салттуу түрдө тегерек столдордон, эксперттик сессиялардан, панелдик дискуссиялардан турат, ошондой эле катышуучуларга иш-чаралардын формалдуу эмес жана интерактивдүү форматтарын сунуштады.

Жаш окумуштуулар конгресси-илим жана технология декадасынын негизги окуясы, коомдун жана өлкөнүн өнүгүшүнүн маанилүү маселелерди чечүүдө илим жана технология ролун күчөтүү максатында Россия Федерациясынын Президентинин Жарлыгы менен жарыяланган.