1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Медицина факультети
  4. Кафедра жалпы хирургия
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

“Учурдагы этапта ашказан жана он эки эли ичеги жара ооруларын дарылоонун өзгөчөлүктөрү” 

2024-жылдын 6-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин жалпы хирургия кафедрасы  “Учурдагы этапта ашказан жана он эки эли ичеги жара оорууларын дарылоонун өзгөчөлүктөрү” деген темада тегерек стол өткөрүштү. Бул иш чара ЖАМУда жарыяланган “Илим айынын” алкагында Жалал-Абад областык клиникалык оорукананын базасында өткөрүлдү.

Тегерек столго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, м.и.к., доцент Абдыкалыков Козубай Орозакулович, МФнын деканы, м.и.к., доцент Н.М.Темиров,  декандын орун басарлары: б.и.к., доцент М.Ж. Нурманбаев, М.А. Акимов, К. Жолдошов, Жалал-Абад областык клиникалык оорукананын чакырылган даарыгерлери, кафедранын профессордук-педагогикалык окутуучулары, аспиранттар, ординаттар жана студенттер катышышты.

Иш чаранын  жүрүшүндө кафедранын окутуучусу Жумагүл Талантбекова “Ашказан жана он эки эли ичеги жара ооруларынын пайда болуу себептери”  деген темада кызыктуу презентация жасады.  Андан соң ашказан жана он эки эли ичеги жара ооруларын дарылоонун, операция жасоонун жаңы ыкмаларына талкуу жүргүзүлдү. Дасыккан врач-хирург К.О. Абдыкалыков баштапкы жана учурдагы хирургиялык даарылоонун ыкмаларына кеңири токтолуп, операция жасоодо заманбап хирургиялык жабдуулардын өндүрүлүп жаткандыгын белгиледи.   Семирүүгө каршы “бандажирование желудка”, б.а. аш казанга шакекче кийгизүү жолу менен хирургиялык дарылоо ыкмасынын учурдагы популярдуулугун маалымдады. Тегерек столдун катышуучулары кызыгуу менен күн тартибине коюлган маселе боюнча  талкуу жүргүзүшүп, тажрыйба алмашуулар болду. Бул тегерек стол ординаттарга, аспиранттарга жана студенттерге өтө кызыгуу туудурду жана ушундай маанилүү темаларда тегерек столдун тез-тез өтүлүп турушун билдиришти.