КӨКҮРӨК КЛЕТКАСЫНДАГЫ ООРУЛАРДЫ АЙЫРМАЛОО

Медицина факультетинин госпиталдык терапия кафедрасынын улук окутуучусу Орунбаева Венера Калдаровна ЖАМУнун "мыкты улуу окутуучусу" сынагына катышууда.
Сынактын жобосуна ылайык катышуучу студенттерге заман талабына ылайык интерактүвдүү доска колдонуу менен ачык сабак өтүүсү керек. В.К.Орунбаева талаптарды аткарып, 1-2-турларынан ийгиликтүү сынактан өтүп, 3- туруна “Көкүрөк клеткасындагы ооруларды айырмалоо” – деген темада ачык сабак өттү.
Студенттер сабакты шаардагы жүрөк-кан тамырлар ооруканасында бейтаптарга байкоо жүргүзүп, баарлашуу аркылуу практикалык көндүмдөрүн толукташты.