1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Медицина факультети
  4. Медико-биологиялык дисциплиналар кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

55

«Эл аралык индекстелген илимий журналдарга макала жарыялоонун талаптары» 

2024-жылдын 26-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин медициналык-биологиялык жана морфологиялык дисциплиналар кафедрасында «Илим айы» деп жарыяланган иш чарага карата  «Эл аралык индекстелген илимий журналдарга макала жарыялоонун талаптары» деп аталган илимий методикалык  семинар болуп өтту. Семинарга медицина факультетинин кафедра башчылары, аспиранттар, изденүүчүлөр, илимий долбоордун жетекчилери,  магистранттар жана алардын илимий жетекчилери ,илимий иштер боюнча декандын орун басары  катышты.  Эл аралык индекстелген илимий Web of Science жана Scopus  сыяктуу эл аралык журналдарга макаласы жарык көргөн кафедранын доценти  Маматжанов Давлетбек  баяндама жасап, индекстелген  журналдардын талаптары жана эрежелерине ылайык макаланы жазуу ыкмаларына кенири токтолду.  Катышуучулардын бул багыттагы суроолоруна жооп берип, студенттерге жана магистранттарга илимий изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Семинарга катышкан студенттер жана изденүүчүлөр илимий иштер боюнча баяндамаларды жасашты.