«Студенттердин билим денгээлин жогорулатуунун айрым факторлору»
Медициналык факультетинин медициналык-биологиялык жана морфологиялык дисциплиналар кафедрасында 2024-жылдын 31-октябрында «Студенттердин билим денгээлин жогорулатуунун айрым факторлору»- деген темада тегерек стол болуп өттү.
Анда кафедранын окутуучулары биринчи модулга жана сабакка келбеген тайпанын студенттерине билим алуунун жана билим сапатын жогорулатунун жол-жоболору тууралуу баяндамаларды жасашты. Учурдагы модулдун жыйынтыгы, студенттердин сабакка катышуу жана жетишуусу боюнча кызуу талкуу жургузулду. Тегерек столго окуу иштери боюнча декандын орун басарлары Жолдошов Кубат жана Насир Худа Бахш Якуб чакырылды. Алар студенттер менен жакындан пикир алышты. Студенттер талкууга активдуу катышты.