1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Медицина факультети
  4. Анатомия жана физиология кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

25

"Олимпиада -2025" аталыштагы университеттик деңгээлде өткөрүлгөн олимпиада

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 10-апрель күнү "Олимпиада-2025" аталыштагы студенттик олимпиада өткөрүлдү. Университеттик олимпиадага чейин факультеттик деңгээлде олимпиада өткөрүлүп, андагы жеңүүчүлөр университеттик олимпиадага катышууга жолдомо алышкан.

Олимпиаданын ачылыш аземине университеттин администрациясы, декандар, кафедра башчылар, окутуучулар, студенттер катышып, алгачкы сөз ЖАМУнун ректору, профессор К. Усеновго сөз берилди. Ректор өз сөзүндө учурдагы билим берүүнүн талаптарына, илим жана жасалма интеллекти өнүктүрүүнүн технологиялары боюнча маанилүү маалыматтарды айтып, олимпиаданын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, жеңүүчүлөр Аймактык олимпиадага, андан Республикалык олимпиадага катышып жеңишке жетишине тилектештигин билдирди.

Медицина факультетинин студенттери да биология, химия, кыргыз тили, орус тили, англис тили, математика (адистик эмес) предметтер боюнча университеттик олимпиадага катышып, байгелүү орундарга жетишип, чоң кубаныч жаратышты. Алсак, биология (адистик эмес) предмети боюнча: I-орунду Абдыкайымова Айназик (ЛДк-1-24),

ll-орунду Маматажиева Ясмина (ЛДк-1-24),

Ill-орунду Болушева Салтанат (ЛДк-1-24) жеңип алышты.

Химия (адистик эмес) предмети боюнча: l-орунга Сатыкулова Жасмина (ЛДк-2-24),

Il-орунга Шадманова Аэлита (ЛДк-1-24),

lll-орунга Борбошова Гүлнура (ЛДк-1-24) жана Ураимова Гүлзина ээ болушту.

Медицина факультетинин студенттери орус тили жана англис тили боюнча да чоң ийгиликтерге жетише алышты. Англис тили (адистик эмес) боюнча:

l-орунду Жапарова Айзат (ЛДк-2-24),

Il-орунду Шерикбекова Акбермет жеңип алышты.

Орус тили жана адабияты (адистик эмес) боюнча ЛДк-1-24 тайпасынын студенти Зундунова Диана lll-орунга ээ болду.

Олимпиаданын жабылыш аземинде жеңүүчү деп табылган студенттерге дипломдор тапшырылып, куттуктоо сөздөр айтылды жана Аймактык олимпиадага катышууга жолдомо алышты.